Ички иштер министринин милдетин аткаруучу Мелис Турганбаев бүгүн парламенттеги “Ата-Мекен” фракциясынын депутаттарына алдыда жасала турган жумуштар тууралуу планын тааныштырат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлайт.
Мелис Турганбаев 16-сентябрда мурдагы министр Абдылда Суранчиев кызматтан кеткен соң анын ордуна министрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалган. Эми анын кызмат орду парламентте бекитилиши керек. (SE)