Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:50

“Ар-намыс” Алтынбек Максүтовдү Маданият министрлигине көрсөттү


Жогорку Кеңеш режиссер Алтынбек Максүтовдү Маданият, маалымат жана туризм министрлигине талапкер катары көрсөтөт. Мындай чечимди фракция мүчөлөрү добуш берүү жыйынтыгы менен кабыл алышты. Добуш берүүнүн биринчи айлампасынын жыйынтыгында Алтынбек Максүтов, Жылдыз Бакашева жана Урмат Үсөнов көп добуш алган болчу. Эки айлампада Максүтов жеңип чыкты.

Эми анын талапкерлиги Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында каралат.

Алтынбек Максүтов Бишкектеги Арсен Өмүралиев атындагы жаштар театрынын режиссеру. Ал быйыл Ысык-Көлдө өткөн "Көчмөндөр оюнунун" башкы режиссеру болгон.(BkA/UEz)

XS
SM
MD
LG