Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:50

Орусия Шотландияда өткөн референдумду сынга алды


Орусия Шотландиянын көз карандысыздыгы үчүн өткөн жалпы элдик шайлоону эл аралык стандарттарга жооп бербейт деп сынга алды.
Эдинбургда байкоочу болгон Москвадагы коомдук институттун башчысы Игорь Борисов добуштарды саноодо олуттуу кемчиликтер катталганын айтып чыкты.

Батыш талдоочуларынын баамында, Орусия аннексияланган Крымды акташ үчүн шотландиялык жикчилдеринин жеңишин каалаган.
АКШ президенти Барак Обама болсо Шотландиядагы референдумду демократиялык мүнөздө өттү деп баа тберди.

Шотландияда 18-сентябрда өткөн референдумдун жыйынтыгында Улуу Британиянын курамында калууну жактагандар жеңген. Алдын ала эсептөөлөр боюнча Шотландиянын Британиядан көз каранды эмес болушуна каршылар жалпы добуш бергендердин 55 пайызын түздү.

XS
SM
MD
LG