21-23-сентябрда Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын айрым дыйканчылык аймактарында 0…-2 градус үшүк, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында -2…-4 градус үшүк жүрүшү күтүлөт.
Мындай үшүктүн жүрүшү жыйналбаган жашылча-жемиштерге, казылып алынган жана жабылбаган картөшкө, кант кызылчасы үчүн коркунучтуу.
21-сентябрда өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 3-8 м/с.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 2...7, айрым учурда 0...-2, күндүз 17...22,
Талас жергесинде түнкүсүн 0...-2, күндүз 16...24,
Баткен облусунда түнкүсүн 5...10, күндүз 18...23,
Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 8...13 күндүз 22...27,
Ысык-Көлдө түнкүсүн 0...5, айрым учурда 0...-2,, күндүз 15...20,
Нарын облусунда түнкүсүн 0...5, айрым учурда -2...-4, күндүз 15...20,
21-сентябрда Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 3-8 м/с. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 5…7 градус жылуу, күндүзгү жогорку температурасы 19…21 градус жылуу болот.