Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:19

Ходорковский Орусия президенти болууга даяр экенин билдирди


ЮКОСтун экс башчысы Михаил Ходорковский эгер муктаждык жаралса, президент болууга даяр экенин билдирди. Бул тууралуу француздардын Le Monde басылмасы жазып чыкты. Парижде жасаган билдирүүсүндө Ходорковский: “Эгер Орусия өз нугу менен өнүксө, мен президент болууга кызыкмак эмесмин. Өлкөнү кризистен чыгаруу үчүн конституциялык реформа жүргүзүү абзел. Бул тапшырманы аткарууга даярмын”, - деп билдирди.

Ходорковский салыктан качкан, мамлекет мүлкүн уурдаган деген айыптар менен эки ирет соттолуп, он жыл камакта отурган. Жактоочулары соттолушунун саясий жүйөсү бар болгонун айтып келишкен.

Элүү жаштагы мурдагы мунай олигархы камактан бошотулгандан кийин саясатка аралашпасын, бизнеске да кайра барбай турганын белгилеп келген.

XS
SM
MD
LG