Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:17

Каирдеги жардыруудан эки полиция кызматкери каза тапты


Египеттин Тышкы иштер министрлигинин имаратынын жанындагы жардыруурдан эки полиция кызматкери набыт кетип, бир нече адам жарадар болду. Азырынча жардыруу үчүн жоопкерчиликти эч ким ала элек. Мурдагы президент Мухаммед Мурси 2013-жылы бийликтен кулатылгандан бери полиция жана аскер кызматкерлерине болгон кол салуулар күчөп келет.

Өткөн жылдын 4-июлунда болгон мамлекеттик төңкөрүштөн кийин Мурсини колдогон “Мусулман агайындар” кыймылына тыюу салынып, миңдеген жактоочулары камакка алынып, бир нечеси өлүм жазасына тартылган.

Исламчыл кыймылдын жактоочулары лидери үчүн өч алуу максатында ар кандай жардырууларды уюштурууда деп айтылып келет. Мурсиден кийин президенттикке быйыл 60 жаштагы фельдмаршал Абдель Фаттах ал-Сиси шайланган.

XS
SM
MD
LG