Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:33

НАСАнын кемеси Марска жетти


НАСАнын космос кемеси 10 айда 700 миллион километрлик жол жүрүп отуруп, Марстын орбитасына кирди. АКШнын Космос агенттиги билдиргенине караганда, MAVEN кемеси планетанын түндүк уюлунун үстүнөн учуп баратып бүгүн эртең менен сигнал берди. Келээрки 6 жума бою адистер кеменин учуу бийиктигин тууралап, илимий жабдууларын текшерүү менен алек болушат. Андан кийин ал Марстын жогорку атомсферасын иликтей баштамакчы.

Окумуштуулар анын жыйнытыгында бир кездери жылуу жана нымдуу планета кандайча муздак жана кургак болуп калган деген суроого жооп алса болот дешет.

XS
SM
MD
LG