Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:44

Turkvision-2014 сынагына таланттар тандалууда


19-21-ноябрь күндөрү Казань шаарында өтө турган Turkvision-2014 эл аралык музыка сынагына Кыргызстандын атынан катышуу үчүн ырчылар тандалууда. Онлайн тандоо 25-сентябрда аяктайт. Татыктуу деп табылган ырчылар 26-октябрда Бишкектеги филармонияда улуттук тандоо туруна катышат. Андан жеңип чыкканы Татарстанга эл аралык сынакка барат.

Сынак өткөн жылы декабрда Түркиянын Эскишехир шаарында болгон. Ага Кыргызстандын атынан катышкан “Чоро” тобу жетинчи орунду алган. Биринчи орунду азербайжандык Фарид Гасанов ээлеген. Маданий иш-чара Түрк дүйнөсүнүн маданий борборун колдоо агенттигинин жана ТүркСОЙ уюмунун демилгеси менен былтыр алгач ирет уюштурулган. (SE)

XS
SM
MD
LG