Аял кишинин күйүп кеткен денеси бүгүн саат 16:00 чамасында Бишкек шаарынын Ак-Ордо жаңы конушундагы таштанды төгүүчү жайдан табылган. Шаардык Ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Бакыт Сеитовдун айтымында, маркум борбор калаанын 39 жаштагы тургуну, үй-жайсыз селсаяк экени аныкталды:
- Азырынча эмне себептен өлгөнү белгисиз. Киши колдуу болгонбу же өзүнө өрт койгонбу, иликтөөнүн жүрүшүндө аныкталат, - деди Сеитов.
Бишкек шаардык мэриясынын өткөн жылдагы маалыматы боюнча борбор калаада 600гө жакын селсаяк бар, алардын көбү күз-кыш мезилинде түрдүү жагдайлардан улам каза табышары айтылып келет. (SE)