Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:44

Маданият ишмерлери Максүтовду колдоо акциясын өткөрдү


Маданият тармагынын белгилүү өкүлдөрү маданият, маалымат жана туризм министринин ордуна көрсөтүлгөн режиссер Алтынбек Максүтовду колдоо максатында өкмөт үйүнүн алдында флеш-моб өткөрүштү. Акция учурунда аталган талапкерге ак бата берилип, ырлар ырдалды.

Буга чейин өкмөт үйүнө маданият өкүлдөрү өкүрүп түшкөн. Актер Улан Зайнидиндин айтымында, бул жолу жаш, ушул тармакты түшүнгөн талапкердин дайындалышына үмүт кылышууда. Кино режиссер Темир Бирназаров «Биз учурда Алтынбек Максүтовго бул маселе боюнча чоң ишеним артабыз. Маданиятты узак убакытка чейин башка багыттагы адамдардын колуна берип келишти», - дейт.

Маданият, маалымат жана туризм министри болуп буга чейин Камила Талиева иштеген. Аны бул кызматка Жогорку Кеңештеги "Ар-намыс" фракциясы бекиткен. (ZA)

XS
SM
MD
LG