"Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында бүгүн боло турган форумга биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев жетектеген өкмөт мүчөлөрү, ишкерлер, ал эми америка тараптан АКШнын Кыргызстандагы элчиси жана Америкадан келген ишкерлер катышат.
Форумда кыргыз-америка экономикалык кызматташуусу, инвестиция маселелери талкууланат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. (AiT)