Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:53

Жалал-Абадда быйыл 288 аял зомбулукка кабылды


Облустук прокуратурага жыл башынан бери үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу 299 кайрылуу түшсө, анын 288и аялдарга карата болгон. Бул туралуу облустун прокурору Кылычбек Токтогулов "Азаттыкка" билдирди. Арыздар боюнча текшерүү иштери улантылып жатат.

Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, быйылкы жылдын 8 айында Кыргызстанда 2337 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталды. Анын 165и боюнча кылмыш иш козголду. 1215 адам административдик жоопко тартылды.

Буга чейин Кризистик борборлор ассоциациясы өз иликтөөсүнө таянып, Кыргызстанда ар бир экинчи аял күйөөсүнүн ур-токмогуна кабыларын билдирген. (SE\RsK)

XS
SM
MD
LG