Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:30

АКШ грузиялык жаранды “глобалдык террорчулардын” тизмесине кошту


АКШ грузин жараны Тархан Батирашвилини “глобалдык террорчу” деп кара тизмеге киргизди. Тархан Батирашвили Жакынкы Чыгышта Омар ал-Шишани деген ат менен белгилүү. 24-сентябрда АКШнын Финансы министрлиги аны менен кошо дагы 11 адамды “глобалдык террорчулардын атайын тизмесине” кошту.

Министрликтин маалыматында “Ислам мамлекети” уюмунун “даражалуу командирлеринин” бири Батирашвили акыркы жылдары бир нече “чабуулду жетектегени” жана Сириядагы жихадчылардын чет элдиктер барымтада кармалышы мүмкүн делген түрмөсүн көзөмөлдөөгө жооптуу экени көрсөтүлөт. Ал обол Сирияда согушкан чеченстандыктар менен кавказдыктардын отрядынын командири болгон. Орусияын маалымат булактарынын жазышынча, 28 жаштагы Тархан Батирашвили Грузиянын Панкиси өрөөнүн байырлаган чечендерден. Сирияга 2012-жылы абактан чыккандан кийин Түркия аркылуу кеткен.

XS
SM
MD
LG