Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:49

Катардын аял баскетболчулары Азия оюндарына катышпайт


Катардык аялдардын баскетбол командасы Түштүк Кореядагы Азия оюндарына катышуудан баш тартты.

24-сентябрдагы беттешүүнүн алдында катардык баскетболчуларды хижабын чечип салуу суралганда, алар хижапсыз ойноого макул болбой койгон. Азия оюндарынын уюштуруучуларынын айтымында, Эл аралык баскетбол федерациясынын (FIBA) жобосу спортчулардын мелдешке жоолукчан катышуусуна жол бербейт.

Мындан улам Катар делегациясы баскетбол командасын 17-Азия оюндарынын калган беттешүүлөрүнө катышпайт деп чечти. ФИБА үстүбүздөгү айдын башында баскетболчу аялдардын жоолукчан ойноосуна эки жылдык мөөнөткө уруксат берилсин деп чечкен. Бирок бул жобо улуттук мелдештерде гана колдонулат.

XS
SM
MD
LG