Кыргызстандын мамлекет катары калыптанышы жана анын тунгуч жетекчиси Иманалы Айдарбеков жөнүндө баяндарды камтыган китеп жарык көрдү. Санкт-Петербург шаарында орус тилинде, беш миң нускада басылган китеп «Первый» деп аталат. Автору Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Зайнидин Курманов. Китеп тарыхый документтердин жана эскерүүлөрдүн негизинде илимий-популярдуу жанрда жазылган. (SE)