Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:12

Студент кыздын өлүмүнө шектүү адам кармалды


Жети-Өгүз районундагы 17 жаштагы студент кыздын өлүмүнө шектүү катары ушул эле райондун 23 жаштагы тургуну кармалды. Бул тууралуу “Азаттыка” Ысык-Көл ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов билдирди.

Анын айтымында, кылмышка шектүү Дархан айылынын Элдияр аттуу жашоочусу Бишкекте кармалган. Анын үйүнөн маркумга тиешелүү уюлдук телефон жана кол чатыр табылып, сурак учурунда өз күнөөсүн мойнуна алган.

Үстүбүздөгү жылдын 7-июнь күнү Жети-Өгүз районунун Балтабай айылынын тургуну 17 жаштагы кыздын жансыз денеси Ак-Суу районуна караштуу Челпек айылынын аймагында табылган. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө ал зордукталып, өзүнүн шымы менен муунтулуп өлтүрүлгөнү аныкталган. Маркум Каракол шаарындагы медициналык окуу жайда 2-курста окучу. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, учурда шектүү жаран убактылу кармоочу жайга камалды. (MKo)

XS
SM
MD
LG