Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:42

Гонконгдо полиция менен демонстранттар кагылышты


2017-жылы толук демократиялык шайлоо өткөрүүнү талап кылып, көчөгө чыккандардын акциясы бүгүн да уланды. Акция демократиянын жактоочулары менен полициянын кагылышуусу менен коштолду. Полиция көздөн жаш агызган газ колдонуп, демонстранттарды таратуу аракетин көргөн. Бирок митингчилер алдын ала көз айнек, бет кап, суу өтпөй турган кийимдерди кийип келгени кабарланды.

Полиция демонстранттарды калаанын борборуна өткөрбөө үчүн көчөлөрдүн баарына атайын тосмолорду орнотту. Массалык толкундоолор өткөн дүйшөмбүдө демократиялык реформаларды талап кылган студенттердин чакан акциясынан улам башталган.

Кийин студенттерге Гонконгдун ар кандай курактагы жашоочулары кошулуп, Бээжинден 2017-жылы Гонконгдо толук кандуу демократиялык шайлоо өткөрүүнү талап кылышууда.

ИТАР-ТАСС агенттиги ушул эле күнү бийликти колдоп жана акцияны уюштурган Occupy Central кыймылына каршы 100 миңден ашуун киши чыкканын жазды. (КЕ)

XS
SM
MD
LG