Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:28

Кыргызстандын карызы 187 миллиард сомго жетти


Анын 174 миллиард 200 миллиону тышкы, 12 миллиард 800 миллиону ички карыз болуп эсептелет. Бул тууралуу каржы министри Ольга Лаврова парламенттин тармактык комитетинде билдирди.

Адистердин айтымында, Кыргызстандын карызы жыл санап өсүп барат. Кытайдан алган насыялар эле 1,5 миллиард долларга жакын. Айрым депутаттар тышкы карызды ички дүң продукциянын 60 пайызына жеткирбей кармоо боюнча мыйзам долбоорун сунуштап келишет. Учурда өлкөнүн мамлекеттик карызы ички дүң өнүмдүн 50 пайызына жакын. (UEz)

XS
SM
MD
LG