Грузиянын прокуратурасы мурдагы премьер-министр Зураб Жваниянын өлүмүн иликтөөнүн алкагында анын сөөгүн эксгумациялоо тууралуу токтом кабыл алды. Буга анын үй-бүлөсү макулдугун берди. Прокурор Реваз Надоинин айтымында, эксгумацияга чет өлкөлүк соттук-медициналык эксперттер катышат.
Жвания менен Квемо Картли аймагынын вице-губернатору Раул Юсуповдун сөөктөрү 2005-жылы Тбилисидеги үйлөрдүн биринде табылган. Алгач тергөөчүлөр алар газ жылыткычтан иске ууланып каза тапты деген. Бирок 2012-жылы бийлик алмашкандан кийин тергөө кайра башталган. Быйыл март айында Интернет аркылуу Жваниянын сөөгүндөгү көк ала тактар тартылган сүрөт чыгып кеткен. (RK)