Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:31

Маматалиев: Оштогу депутаттарга каршы чагым иликтенет


Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында коопсуздук боюнча вице-премьер Абдырахман Маматалиев билдирди. Анын айтымында, Ош шаарында депутаттар Равшан Жээнбеков жана Өмүрбек Абдырахмановго каршы укук коргоо органдары атайын чагым уюштурган деген маалымат жок. Бирок парламент бул маселени көтөрүп чыккан соң, окуя иликтенмекчи.

26-сентябрда Улуттук оппозициялык кыймыл өкүлдөрү Ош шаарындагы “Аристократ” ресторанында бүгүн өткөрүп жаткан жыйынды отуздан ашуун белгисиз аял жана жаш жигиттер үзгүлтүккө учураткан. Анда уюштуруучуларга жумуртка ыргытышкан. Мындан улам кыймыл лидери Равшан Жээнбеков жана депутат Өмүрбек Абдырахманов чогулушту токтотууга аргасыз болгон. Бүгүн Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутаттар бул маселени көтөрүп, укук коргоо органдарынан түшүндүрмө талап кылышкан.(BkA)

XS
SM
MD
LG