Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:29

Польша евроаймакка кошулууну көздөйт


Польшанын жаңы премьер-министри Эва Копач өз ишине расмий киришип жатып, Украинадагы кырдаалдан кийин АКШ менен мамиле олуттуу боло баштаганын белгиледи. Ал АКШ аскерий турумунун кеңейишин колдой турганын кошумчалады. Ошондой эле еврозонага кошулууну кубаттай турганын, бирок Польша бул кадамга өз экономикасы турукташып, еврозона бекемделген соң барышы ыктымалдыгын айтты.

1-октябрда Эва Копач премьер-министр кызматка расмий киришти. Ал мурдагы премьер Дональд Тусктун ордуна келди. Туск Европа Кеңешине президент болуп дайындалган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG