Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:56

НАТОнун жаңы баш катчысы Түркияга барат


Бул тууралуу НАТОнун жаңы баш катчысы Йенс Столтенберг 1-октябрда Брюсселдеги маалымат жыйында билдирди. Ал Ирак өкмөтү жардам сураса, НАТО аларды колдоого даяр экенин айтты. Ошондой эле Ирак жана Сирия менен чектешип турган Түркия өкмөтү жардамга муктаж болсо Түндүк атлантикалык альянс жардамга келерин кошумчалады.

- Мен бул кызматка киришкенден кийин үч нерсеге артыкчылык берилет. Алар: биздин аймакты жана өнөктөштөр менен кызматташтыкты стабилдүү кармоо, Европа менен Түндүк Американын байланышын үзбөө.

Норвегиянын мурдагы премьер-министри Йенс Столтенберг НАТОнун баш катчысы катары 1-октябрдан тарта иштей баштады. Ал Даниянын өкүлү, 55 жаштагы Андерс Фог Расмуссенди алмаштырды. Расмуссен НАТОнун баш катчысы болуп 2009-жылы дайындалган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG