Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:44

Орусияда татар жазуучусу бир жылга шарттуу кесилди


Орусияда белгилүү татар жазуучусу, активист жана өзүн пан-татарлардын Межлиси деп атаган биримдиктин лидери бир жылга шарттуу кесилди. Чалла шаардык соту Фазия Байрамованы улут аралык кастыкты козуткан деп айыптады. Ага бир жыл ичинде жашаган жерин алмаштырууга, өлкөдөн сыртка чыгууга тыюу салынды. Байрамова бул мөөнөттү үй камагында өткөрөт. Жазуучу муну саясий негизде ачылган иш деп, күнөөнү мойнуна алган жок.

Байрамовага Крымдын Орусия тарабынан аннекцияланышын сындаган эки макаланы Фейсбук социалдык тармагына жайгаштыргандан кийин айып тагылган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG