Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:08

Ажылыкка барган кыргызстандык каза болду


Ажылык сапарга барган кыргызстандыктардын арасынан бир жаран каза болду. Бул тууралуу Муфтияттын басма сөз катчысы Асан Саипов кабарлады. Анын айтымында, зыярат учурунда 79 жаштагы Кара-Суу районунун тургуну каза болду.

Көз жумган зыяратчынын сөөгү жакындарынын уруксаты менен Меке шаарында жерге берилди.

Быйыл Кыргызстандан 3685 адам ажылыкка аттанган. Бүгүн дүйнө жүзүнөн ажылыкка баргандар Арафат тоосуна зыярат кыла баштады. Бул тоодо Мухаммед пайгамбар акыркы таатын окуган деп саналат. Зыяратка баргандар 11-октябрдан тарта Кыргызстанга кайта баштайт.(BkA/ZB)

XS
SM
MD
LG