Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:29

“Республика” “Ак-Кеме” боюнча доонун төлөнүшүн иликтөөнү сунуштады


Парламенттеги “Республика” фракциясы “Ак-Кеме” мейманканасы боюнча 11 миллион доллар доону төлөөнүн мыйзамдуулугун иликтөө боюнча депутаттык комиссия түзүүнү сунуштады. Бул тууралуу аталган фракциянын лидери Максат Сабиров “Азаттыкка” кабарлады. Маалыматка ылайык, фракция өткөн аптада бул маселе боюнча өкмөт мүчөлөрүнүн маалыматын укту. Анын жыйынтыгында тактай турчу бир нече маселе бар деген чечим кабыл алып, депутаттык комиссия түзүү сунушталды

Буга чейин кыргыз өкмөтү түркиялык “Систем мүхендислик” компаниясына 11 млн. доллар төлөп бергени тууралуу кабар тараган. Түрк компаниясы кыргыз өкмөтү менен “Ак-Кеме” мейманканасы боюнча эл аралык сотто соттошуп, 11 млн. долларга утуп алган. Соттун чечими менен Кыргызстандын “Центерра Голддогу” акциялары камакка алынган. Кыргыз өкмөтү ушундан кийин түрк компаниясына 11 млн. доллар которуп, акцияларды кайтарып алууну көздөгөнүн айткан.(BkA)

XS
SM
MD
LG