Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:51

"Ислам мамлекети" тобу Кобанинин стратегиялык имараттарын ээледи


“Ислам мамлекети” уюмунун согушкерлери Түркия менен чек арадагы сириялык Кобани шаарынын чыгышындагы бир катар стратегиялык объектилерди ээлеп алды.Гуманитардык уюмдар жайкын тургундарды согушкерлер ээлеп алган аймактан тынчырак жакка убактылуу көчүрүп кетүү иштерине катышууда. Жергиликтүү жашоочулардын көбү Түркияга качууда. Жараат алган жүздөгөн адамдар, аскерлер тез жардам машинасы менен Түркияга өткөрүлүүдө. Би-Би-Синин маалыматына караганда, АКШ башында турган коалициялык күчтөрдүн учактары согушкерлердин Кобанидеги турумдарына абадан сокку урду. Түркиянын танкалары чек арада, Сирия шаарына кире бериш жеринде турат.

Түркия парламенти өткөн аптада өкмөткө “Ислам мамлекети” тобуна каршы Ирак менен Сириядагы аскерий операцияларга катышууга уруксат берген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG