Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:42

Боршайком Нарын мэрин бекитти


Борбордук шайлоо комиссиясы Нарын мэрин шайлоо жыйынтыгын бекитти. Ага ылайык Рахат Адиев мэрлик кызматка киришет. Бул тууралуу Боршайкомдун маалымат катчысы Кыял Бектурова “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Рахат Адиевдин эмгек китепчесиндеги мыйзам бузуу тастыкталган эмес жана анын талапкерлигине каршы Жергиликтүү кеңештен эч кандай нааразылык болгон эмес.

Буга чейин Нарын шаардык прокуратурасы Адиев эмгек тажрыйбасын толтуруу үчүн эмгек китепчесине тогуз жыл дыйкан чарбанын жетекчиси болгон деген маалыматты жасалма жол менен кошуп алганын жүйө келтирип, шайлоо жыйынтыгын жокко чыгаруу өтүнүчү менен Боршайкомго кайрылган болчу.

Шайлоо 8-сентябрда өткөн. Рахат Адиев 31 депутаты бар шаардык кеңештеги “Ак шумкар” фракциясынын мүчөсү. (UEz)

XS
SM
MD
LG