Украинанын аскер жетекчилигинин маалыматына караганда, ушуну менен жикчилдер менен тирешүү башталган убакыттан бери набыт болгон жоокерлердин саны 956га жетти.
Луганск жана Донецк облустарынын бийликтеринин маалыматына ылайык, соңку кагылышуулардын натыйжасында жети жайкын тургун набыт болду. 5-сентябрда түзүлгөн ок атышпоо тууралуу макулдашууга карабастан бул аймактарда согуштук аракеттер токтобой жатат. (ZMa)