Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:38

Кулматов: мэрия сейил бактарды сот аркылуу коргойт


Башкалаадагы 5 сейил бактын аянты кайрадан аныкталды жана талаштуу жерлер сот аркылуу мэрия ээлигине кайрадан алынат. Бул тууралуу Кубанычбек Кулматов “Азаттыкка” билдирди.

Анын айтымында буга чейин парктардын аянты так аныкталган эмес. Мэрия аянттарды кайра аныктап жатканда сейил бактардын айрым бөлүктөрү мурда эле жеке менчикке өтүп кеткени аныкталган.

Парламент депутаттары 2006-жылдан бери Бишкектеги Жеңиш паркында 8 гектар, Ататүрк паркында 50, Кара-Жыгач токоюнда 20 гектар жана Жаштар паркында 10 гектар жер үй курууга берилип кеткенин парламент жыйынында билдиришкен. Мындан улам ушул жылдын жазында премьер-министр Жоомарт Оторбаев калаа башчысына сейил бактардын чегин аныктоо боюнча тапшырма берген. (UEz)

XS
SM
MD
LG