13-октябрда түнкүсүн Талас, Кемин өрөөндөрүндө, Ысык-Көл ойдуңунун чыгыш тарабында 0…-2° үшүк сакталып турат. Мындай үшүктүн жүрүшү жыйналбаган жашылчалар жана жемиштерге, казылып алынган жана жабылбаган картошка, кант кызылчасы үчүн коркунучтуу. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эскертет.
Эртең, 13-октябрда Кыргызстанда жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы 1-6 м/с.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0...5 ; күндүзү 14...19
Талас өрөөнүндө түнкүсүн 0...5; күндүзү 14...19
Баткен облусунда түнкүсүн 1...6; күндүзү 16...21
Ош облусунда түнкүсүн 3...8; күндүзү 17…22
Жалал-Абад облусунда түнкүсүн 3...8; күндүзү 17…22
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0...5; күндүзү 10...15
Нарын облусунда түнкүсүн 0...5; күндүзү 12...17
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -11...- 16; күндүзү -2...+3
Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы 1-6 м/с. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 3…5°, күндүзгү жогорку температурасы 17…19° жылуу болот.