АКШ президенти Барак Обама 20 чакты өлкөнүн аскерий жетекчилиги менен жолугушууда “Ислам мамлекети” уюмуна каршы стратегияны талкууламакчы. АКШ баштаган коалициянын аба соккуларына карабай, 13-октябрда согушкерлер Ирактын Анбар чөлкөмү менен Сириянын Кобани шаарында бир топ жерлерди ээлеп алууга жетишти. Жыйынга Түркия, коалицияга кошулган Сауди Арабия, Бириккен Араб Эмираттары өңдүү араб мамлекеттери катышат деп күтүлүүдө.