Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:46

Кочкордогу ала качуу фактысы тастыкталган жок


Кочкор районундагы ала качуудан улам 19 жаштагы кыздын каза болгону тууралуу маалымат тастыкталган жок. Бул тууралуу “Азаттыкка” Кочкордогу райондук акимияттан жана Түп райондук милициясынан кабарлашты.

Буга чейин бул тууралуу “Азаттыкка” “Айкын багыт” уюмунан Кочкордо ала качууга туш болгон кыз жанын кыйганы тууралуу кабарлашкан. Уюмдун маалыматында, Нарындын Кочкор районунун 18 жаштагы тургунун Ысык-Көлгө ала качып, ал жактан кыз өз жанын кыйууга аргасыз болгон. Мындай маалыматты уюмга аталган кыздын курбусумун деген адам кабар бергени айтылган.

Бирок окуя орун алды делген Ак-Кыя айылынын башчысы Азизбек Сыдыканов жана Түп райондук милициясынын башчысы Темир Кошоев бул маалыматтын тастыкталбаганын билдиришти.

XS
SM
MD
LG