Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:34

Парламентте мугалимдердин маянасын көтөрүү талкууланууда


Жогорку Кеңеште мугалимдердин эмгек акысын көтөрүү боюнча токтом долбоору талкууланууда. Анда парламенттеги Билим берүү жана илим комитетинин төрагасы Каныбек Осмоналиев мугалимдердин айлыгынын көлөмү абдан аз болуп, бул жагдай нааразылык жаратып жатканын билдирди. Мындан улам тез арада билим берүү адистеринин айлыгын көтөрүү зарылдыгын белгиледи.

Бирок өкмөт өкүлдөрү кийинки жылдагы өлкө бюджетине мугалимдердин айлык-акысын көтөрүү каралбаганын, мындан улам ага каражат жок экенин билдирүүдө.

Учурда Кыргызстанда мугалимдин орточо эмгек акысы 5-8 миң сомду түзөт. Айлык акынын төмөндүгүнө байланыштуу өлкөдө эки миңден ашуун мугалим жетишпейт.(BkA)

XS
SM
MD
LG