Жардыруу 15-октябрда Пешавардын түштүк-батышындагы Хайбер районунда болду. Анда кеминде жети киши жараат алды. Расмийлердин белгилешинче, жанкечти талиптерге каршы чыккандардын жыйынында өзүн жардырган.
Ушул жылдын июнь айында пакистан армиясы «ал-Каида» радикал тобунуна байланыштуу талиптерге жана согушкерлерге каршы операциясын кеңейткен. (КЕ)