Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:08

АКШ Сириянын Кобани шаарынын тегерегинде абадан сокку урууда


Сокку шаарды коргоп жаткандардын абалын жеңилдетип, аларга күч топтоп алууга мүмкүнчүлүк берүү максатында урулуп жатканын “Ислам мамлекети” экстремисттик тобуна каршы туруу маселелери боюнча АКШнын атайын өкүлү Жон Аллен билдирди.

Аллен күрддөр басымдуулук кылган Кобани шаарын экстремисттерден коргоп жаткандарга мүмкүнчүлүк берип, күч топтоп алышы үчүн абадан урулган соккунун ылдамдыгын жана тездигин өзгөртүшкөнүн айтты.

Үч күн мурда БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун дүйнө коомчулугуна кайрылып, “Ислам мамлекети” экстремисттик топ камоого алган Кобани шаарында миңдеген жайкын тургундардын массалык өлтүрүлүшүн болтурбоо үчүн болгон чараларды көрүүгө чакырган. (ZMa)

XS
SM
MD
LG