Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:51

Парламентте эл аралык доонун төлөнүшү боюнча комиссия түзүү сунушталды


Жогорку Кеңеште “Ак-Кеме” мейманканасы боюнча түркиялык “Систем Мүхендислик” ишканасына 11 миллион доллар доону төлөөнүн мыйзамдуулугун иликтөө боюнча комиссия түзүү сунушталды Мындай сунуш менен депутат Кенжебек Бокоев чыкты. Анын айтымында, кыргыз өкмөтү түркиялык компанияга доо төлөп берүү менен коркунучтуу адатка жол ачып берди:


- 11 миллион долларды төлөп берүү менен Оторбаев жетектеген өкмөт прецедент түздү. Кыргызстанды эл аралык сотко бергендин баары “Центерра голддогу” акцияны камакка алып, коркута баштады. Мына Кутту-Сай кени боюнча Stans Energу компаниясынын арызына ылайык, Кумтөрдүн 60 пайыздык акциясы камакка алынганын угуп жатабыз. Биз “Систем Мүхендисликке” доону төлөө мыйзамдуу болгон-болбогонун текшеришибиз керек.

Буга чейин кыргыз өкмөтү түркиялык “Систем мүхендислик” компаниясына 11 млн. доллар төлөп бергени тууралуу кабар тараган. Түрк компаниясы кыргыз өкмөтү менен “Ак-Кеме” мейманканасы боюнча эл аралык сотто соттошуп, 11 млн. долларга утуп алган. Соттун чечими менен Кыргызстандын “Центерра Голддогу” акциялары камакка алынган. Кыргыз өкмөтү ушундан кийин түрк компаниясына 11 млн. доллар которуп, акцияларды кайтарып алууну көздөгөнүн айткан. (BkA)

XS
SM
MD
LG