Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:10

Путин Меркел менен жолукпай калды


Орусиянын президенти Владимир Путин Сербиядан Италияга кечигип учуп келгендиктен Германиянын канцлери Ангела Меркел Миландагы саммиттеги жолугушуудан баш тартты. Бул тууралуу Батыш басма сөз каражаттары жазып чыгышты. Орус президентинин басма сөз катчысы бул маалыматты тастыктап, “чындыгында эле графикке байланыштуу жолугушуу башында макулдашылган убакытта болбой калды” деп айтты.

Миландагы “Европа-Азия” (АСЕМ) форумунун саммитинде Ангела Меркел Орусияны Украинадагы жаңжал зонасында ок атышууну токтотуу макулдашуусун толугу менен сакталышын камсыздоого чакырды. Канцлер Меркел Орусия биринчи кезекте Минскидеги тынчтык макулдашуулардын аткарылышына көмөктөшүш керектигин белгиледи. (ZMa)

XS
SM
MD
LG