Линктер

бейшемби, 21-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 06:02

Сот реформасы боюнча кеңештин жыйыны өтүүдө


“Aла-Арча" мамлекеттик резиденциясында сот реформасы боюнча кеңештин кеңейтилген жыйыны өтүп жатат. Ага президент Алмазбек Атамбаев баштаган кеңеш мүчөлөрү, Жогорку Сот, Жогорку Кеңештин депутаттары катышууда. Жыйында кеңеш алдында түзүлгөн жумушчу топ иштеп чыккан мыйзамга өзгөртүүлөр президентке сунушталды. Анын алкагында Кылмыш-жаза, Кылмыш-процессуалдык, Жарандык процессуалдык, Жазык-аткаруу жана Сот аткаруучунун макамы тууралуу мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү сунуштаган. Бул өзгөртүүлөр сот системасын заманбап шарттарга алып келип, коррупцияга каршы туруучу механизмдерди камтыган.

Бул жыйында аталган мыйзамдардын акыркы редакциясы талкууланат.

Жыйын жүрүшүндө президент Алмазбек Атамбаев бул өзгөртүүлөр өлкөдөгү сот реформасын жүргүзүүгө жана адам укуктарынын сакталышына негиз болушу керектигин белгиледи.

Аталган кеңеш 2012-жылы түзүлгөн. Ага президент өзү төрагалык кылат.(EBM/BkA)

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

XS
SM
MD
LG