Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:06

Президент Турдубаевдин соттолгонун текшерүүнү тапшырды


Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев сот реформасы боюнча жыйында билдирди. Өлкө башчынын айтымында, Энергетика министрлигине көрсөтүлгөн Кубанычбек Турдубаев аны менен жолукканда сот болгону тууралуу айткан:

- Турдубаев мени менен жолукканда сот болгон деп айткан. Сот ага алгач акчалай айыппул салып, аны кийин жокко чыгарган экен. Мен сот болуптур, бирок соттолгон эмес деп түшүнгөм. Эгерде бул боюнча бирдиктүү реестр болсо, биз аны текшере коймокпуз. Анткени сот болгону жана соттолгон деген эки башка нерсе. Ошондуктан, мен тиешелүү бөлүмгө аны текшергиле деген тапшырма бердим.

Ошол эле учурда президент адам абдан оор кылмыш менен соттолбосо, анын келечегине балта чаппаш керектигин кошумчалады.

Жогорку Кеңеш кечээ Энергетика жана өнөр жай министрлигине Кубанычбек Турдубаевдин талапкерлигин кароону артка жылдырган. Мындай чечим Турдубаевдин соттолгону тууралуу маалымат ачыкка чыккандан соң кабыл алынган болчу. Талкуу учурунда депутат Мыктыбек Абдылдаев Турдубаевдин 2004-жылы “Чыгышэлектро” ишканасында иштеп турганда Каракол шаардык сотунун чечими менен ишиндеги кемчиликтери үчүн соттолгонун айтып чыккан. Кубанычбек Турдубаев да бул фактыны моюнуна алып, бирок ал чечим жокко чыгарылганын билдирген.(BkA)

XS
SM
MD
LG