Линктер

шаршемби, 20-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 04:48

Каракөл мэрине жалаа жапкан ишкер кармалды


Каракөл шаарынын мэри боюнча жалган маалымат тараткан жаранга кылмыш иши козголуп, кармалды.

Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, аталган жаран Каракөл шаарынын мэри ири суммадагы пара талап кылып жатат деп август айында Башкы прокуратурага арыз менен кайрылган. Бул арыздын негизинде мэрге карата кылмыш иши козголгон болчу. Бирок тергөө учурунда ишкердин шаар башчысына карата жалган маалымат бергени аныкталды. Тергөөнүн маалыматы боюнча, аталган жарандын жеке ишканасы мэрия менен келишим түзүп, эки объектти куруп жаткан. Бирок курулуш учурунда бир нече финансылык мыйзам бузууга жол бергени аныкталып, мэрия укук коргоо органдарына кайрылган. Мындай абалдан чыгуу үчүн ишкер мэрге жалган жалаа жаап, укук коргоо органдарына кайрылганын прокуратура билдирүүдө.

Бул окуя боюнча кылмыш иши козголуп, ишкер Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG