Кара-Кечеден көмүр ташыган жүк ташуучу унаа айдоочулары бүгүн Кемин шаарчасында акция өткөрүштү. Бул тууралуу «Азаттыкка» Айдоочулар ассоциациясынын төрага орун басары Айдар Турсуниязов билдирди. Анын айтымында, өкмөт жол бузулуп жатат деген жүйө менен жүк ташуучу унаалардын көмүр ташуусуна тыюу салган. Алар учурда Кара-Кечеден Балыкчыга чейин көмүр ташууга уруксат алышкан. Айдоочулар ушул чектөөнү алып, 25 тоннага чейин унааларга Бишкекке көмүр ташууга уруксат берүүнү суранышууда. Эгер өкмөт талаптарын укпаса, иш таштай турганын эскертишүүдө.
Турсуниязов кошумчалагандай, айдоочулар буга чейин Бишкекте да акция өткөргөн. Бирок өкмөт алардын талаптарына көңүл бурбай жатат. (BkA)