Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:58

Ош: шаар тургундарынан окуу китептери чогултулду


Ошто “Китеп камкордугу” аттуу бир айлык акция өткөрүлдү. Акция алкагында шаар тургундарынан мектеп программасына жарактуу китептер чогултулду. Анын жыйынтыгында беш миӊ окуу жана жети миң адабий китеп чогултулду. Бул акцияны уюштурган Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Куштарбек Кимсановдун айтымында, шаар тургундары балдарына сатып берген окуу китептери бар. Алар бир жыл өткөндөн кийин эле тытылып кетүүдө. Ошондуктан, элдеги китептерди чогултуу менен билим берүү мекемесиндеги китеп тартыштыгын чечүүнү көздөгөн.

Буга чейин Ош шаарындагы мектептер окуу китептери менен 65% гана камсыз болушкан. Китеп тартыштыгы 35% түзүп келген. Акция алкагында чогулган китептердин эсебинен мектептердин китеп фонду дагы 6% көбөйгөн. (YI)

XS
SM
MD
LG