Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:59

Иракта коргоо жана ички иштер министри дайындалды


Ирак праламенти жаңы коргоо жана ички иштер министрлерин бекитти. Премьер-министр Хайдар аль-Абадинин өкмөтүндө бул министрлер дайындала элек болчу. Парламент бүгүн шиит депутаты Мухаммед Салем аль-Габбанды Ички иштер министрлигинин, суннит саясатчы Халед аль-Обейдини Коргоо министрлигинин башына бекитти. Бул министрлер өлкө түндүгүндөгү бир катар аймактарын “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу ээлеп, кризистик абалда турган учурда дайындалды. Хайдар аль-Абади башында турган Ирактын жаңы өкмөтү сентябрь айында бекитилген. Анда парламент коргоо жана ички иштер министрлерине көрсөтүлгөн талапкерлерди четке кагышкан.

XS
SM
MD
LG