Бишкек-Мешхед-Бишкек аба каттамын ирандык Yas Toos жана кыргызстандык “Авиатраффик” компаниялары ишке ашырат.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинен кабарлашкандай, эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды бекемдөө үчүн апта сайын каттамдарды жүзөгө ашыруу тууралуу макулдашуу Тегеранда жетишилген.
Ирандык Yas Toos аба компаниясы Бириккен Араб Эмираттарына, Кувейтке, Малазияга, Ооганстанга жана Арменияга каттайт. (ZMa)