Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:54

Турсунбеков: Кумтөрдү улутташтырууга барышыбыз мүмкүн


Кыргыз бийлиги Кумтөрдүн айланасындагы акыркы кырдаалдан улам ишкананы улутташтырууга барышы мүмкүн. Бул тууралуу Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков “Азаттыкка” билдирди.

- Бул маселенин артында эл аралык афералар турса, кенден кыргыз эли пайда көрбөсө, анда улутташтырууга барганыбыз оң болот, - деди Турсунбеков.

Дал ушундай эле пикирин “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев да билдирип, алтын кенди иштетүүнү кыргыз өкмөтү өз колуна алышы зарылдыгын белгиледи.

Өткөн аптада Канададагы Онтарио соту Кумтөр долбоору боюнча Кыргызстандын 60 пайыздык акциясын камакка алуу чечимин кабыл алганы кабарланган. Буга Stans Energу компаниясынын арызынын негиз болгон. 20-октябрда президент Алмазбек Атамбаев бул боюнча өз пикирин билдирип, аны Кыргызстанды кысмакка алуу деп атап, өлкө бийлиги чечкиндүү кадамдарга бара турганын кошумчалаган.

XS
SM
MD
LG