Бүгүн Бишкекте президент Алмазбек Атамбаев менен Грузия президенти Гиорги Маргвелашвилинин жолугушуусу болду. Президеттин сайтындагы маалыматка таянсак, жолугушууда кыргыз-грузин алакасы тууралуу сөз болду. Эки өлкө башчысы Кыргызстан менен Грузиянын соода-экономикалык жааттагы кызматташтыгын өнүктүрүп, маданий байланышын чыңдоого даярдыгын билдиришти.