Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:15

Эбола вирусуна чалдыккандардын саны он миңге жетти


Бул тууралуу Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун ишемби күнү жарыялаган отчетунда жазылган. Анда аталган ооруудан каза тапкандардын саны 4922 адамга жеткени кабарланды.

Каза тапкандар жана жуктуруп алгандар Африка батышындагы үч өлкөдө: Либерия, Сьерра-Леондо жана Гвинеяда көп.

Ушул жумада Малиде эбола вирусун жуктуруп алган эки жашар кыз чарчап калып, аны менен байланышта болгон 40тай адам карантинге алынган.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Африканын батышындагы эболага кабылган кишилердин 70%ы каза тапканын маалымдады. (TSh)

XS
SM
MD
LG