Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:02

Бишкекте Улуу Британиянын билим жармаңкеси өтөт

28-октябрда Бишкекте Улуу Британиянын билим жармаңкеси өтөт. Бул тууралуу Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчилигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, иш-чараны Британ кеңеши уюштурууда. Жармаңке мектеп окуучуларын, студенттерди жана алардын ата-энелерин Улуу Британияда билим алуу мүмкүнчүлүктөрү жана алардын артыкчылыктары менен тааныштыруу максатын көздөйт. Аталган иш-чарага Улуу Британиянын алдыңкы 14 билим берүү мекемелери катышып, маалымат берет.

Британ кеңеши бүткүл дүйнө боюнча адамдарга эл аралык мүмкүнчүлүктөрдү түзгөн жана Улуу Британия менен башка өлкөлөрдүн ортосунда өз-ара түшүнүүнү курууга көмөктөшкөн уюм.(BkA)

XS
SM
MD
LG