Линктер

ишемби, 23-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 15:24

Бишкекте “Энесайлык кыргыздар” аттуу көргөзмө ачылат


Мындай аталыштагы көргөзмө 30-октябрда Бишкектеги Тарых музейинде ачылмакчы. Анда Орусиянын Минусинск шаарындагы аймак таануу музейинин экспонаттары коюлмакчы. Көргөзмөдө Х-ХII кылымдарда Энесайдагы кыргыздар колдонулган буюм-тайымдар, курал-жарактар жана тарыхый экспонаттарды бишкектиктердин назарына сунушталат. Иш-чара өлкөдө быйыл кыргыз мамлекеттүүлүгүн бекемдөө жылына карата уюштурулууда. Көргөзмө 25-декабрга чейин уланмакчы.

Энесай кыргыздары Саян-Алтай аймақтарында жашаған байырқы түрк тилдүү элдердин бири. Ал жерде VI–VIII кылымдарда мамлекетин түптөгөн. Тарыхчылар бул элди учурдагы кыргыз, хакас, алтайлыктар жана тувалыктардын бабасы катары санашат.(BkA)

XS
SM
MD
LG