Syrian Observatory for Human Rights уюмунун маалыматына ылайык, бошотулган 25 бала ушул жылдын май айында уурдалган 150 баланын акыркы тобу эсептелинет.
Туткундалган балдар Минбиж шаарында бошотулду.
Экстремисттер 13-14 жаштагы 150 окуучуну Алеппо шаарынан экзаменден келаткан жеринен Кобаниден уурдап кетишкен болчу. Жетөө өзү качып чыккан. Калганын согушкерлер бирден же топ-топтон бошото баштаган.